Мэрия: Калааны көрктөндүрүү уланууда, кызуу жүрүп жаткан курулуш иштеринин видеосу

15 июня 2020 12:50 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл зоналарды, веложолдорду, сейил жана гүл бактарды көбөйтүү боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Бишеке шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Күн сайын биз тротуарды жана велосипед тармагын куруп, иштин көлөмүн жогорулатып жатабыз. "Бишкекбашкыархитектура" даярдаган долбоорлор боюнча "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары жөө жүргүнчүлөр зоналарын куруу жана көрктөндүрүү үстүндө иш алып барышууда”, - деп айтылат маалыматта.

“Учурда Манас проспекти менен Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Москва-Совет көчөлөрү кесилишкен жерге асфальт төшөлдү, Кулатовдон Ахунбаевге чейин даярдык иштери жүрүп жатат. "Жал" кичи районундагы веложол "Г" түрүндө болот», - деп кошумчалашты мэриядан.

Ахунбаев көчөсүнүн А.Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин Ахунбаев көчөсүн бойлой Тыналиев көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейин. Жалпы узундугу 2,2 км. жакында асфальт төшөө иштери башталат.

Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки Дэн Сяопин көчөсүн бойлой курулуп жаткан узундугу 4,4 км түзгөн веложолдун курулушу да кызуу жүрүүдө. Бир жуманын ичинде Интергельпо жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде, андан П.Лумумбы көчөсүнө чейин төшөө иштери башталат,топурак даярдалууда.

Жакынкы аралыкта вело жолдордун курулуш иштери бүтсө, шаар тургундары ден соолугун бекемдөөгө дагы жаңы шарт түзүлөт.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-velozholdordun-kurulushu-ayaktagany-kaldy



Добавить комментарий