Бишкекте уурулукка шектүү деп изделип жаткан 39 жаштагы жаран кармалды
Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 56 000 сом уурдаган деген шек менен бир адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
“2020-жылдын 31-августунда Төмөнкү Ала-Арча айылынын жергиликтүү тургуну Аламүдүн районунун ички иштер органдарына белгисиз адамга чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 31-августунда саат 16:30 чамасында май алмаштыруучу жайлардын бирине кирген, ал жерде 56000 миң сомдон ашык суммадагы каражатты жашыруун уурдап алган”, -деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлгөн. Натыйжада, ушул жылдын 21-сентябрында, бул кылмышка шектүү деп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам алдын алуу каттоосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон 39 жаштагы Токмок шаарынын тургуну О.З. кармалган.
Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки процесстер уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uurulukka-shekt-dep-izdelip-zhatkan-39-zhashtagy-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×