Бишкекте уруксатсыз иштеп жаткан электро самокаттар алынууда

12 октября 2023 15:55 1193 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте мыйзамсыз турган электро самокаттар алынууда. Бул тууралуу калаа мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Анын айтымында, электро самокаттын ээлерине саммит учурунда иштетпей туруу эскертилгенине карабай, өз иштерин улантып жатышкан.

“Мыйзамсыз турган самокаттардын ээси! Мамлекетке ижарасын төлөбөсө, ижара келишим түз десе түзбөсө, ал десе албаса, саммит учурунда иштетпе десе тескери кылса, биздин кызматкерлер барып алып жатса тоскоолдук кылса эмне кылыш керек”, -деп жазды Орунтаев.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uruksatsyz-ishtep-zhatkan-elektro-samokattar-alynuuda



Добавить комментарий