Бишкекте ун чыгарган эки заводдун жабылышы. Комендатура өз жоопкерлигин албай жатат

2 апреля 2020 19:46 1796 Barometr
Поделиться в:
ok

"Акун" ишканасынын “Акун” жана “Бишкекский мелькомбинант”  заводунун ишин токтошун өткөрмө блок постторунан жооптуу  кызматкерлери Бишкекте коюлган блокпосттордон өтө албай жаткандыгын себеп кылып, жабылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Андыктан ишкананын ун чыгарган эки заводу ишин токтоткон болчу.

"Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты тарабынан аталган ишкана бир нече өткөрмө баракчасын алган, ошондой эле бүгүнкү күндө “Акун” ишканасынына берилүүчү өткөрмө кагаздары Бишкек шаарынын  комендатурасында даярдалып, бирок ишкананын өкүлдөрү тарабынан эч ким алып кеткен эмес", - деп Бишкек комендатурасы тараткан маалыматта айтылат.

Бишкек шаарында иштеген бир нече ишкананын өкүлдөрү да шаардын ичине жана чыга беришине коюлган блокпосттордон өтө албай, жумушка бара албай жатканын жазышкан.

Учурда Бишкек комендатурасынын карантин учурунда иштеп жаткан тартиби боюнча эл арасында нааразычылык абдан көп. Комендатура ошол нааразычылыктарды чечкендин ордуна башкаларды айыптуу кылып көрсөтүүгө аракет кылып, өздөрүнүн жоопкерчилигин жана ишин так билбегендей таасир калтырып жатат.

Өкмөт башчынын азык-түлүк саткан жана аны ташыгандарга "жашыл коридор" болорун айтканы менен, иш жүзүндө алар аткарылбай жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-un-chygargan-eki-zavoddun-zhabylyshy-komendatura-z-zhoopkerligin-albaj-zhatat



Добавить комментарий