Бишкекте Улуу Британия жараны 12-кабаттан кулап каза болду
Поделиться в:
Бишкектин Логвиненко көчөсүндөгү турак үйдүн 12-кабатынан бир жаран кулап каза болду. Окуя кечээ, 14-ноябрда кечки саат 22:00дөрдө катталганын Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кырсыкка кабылган эркек киши алган жаратынан жан бергенин билдиришкен.
Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Мындан сырткары каза болгон адамдын кош жарандыгы, Улуу Британия жана Кыргызстандын паспорту бар экени маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uluu-britaniya-zharany-12-kabattan-kulap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×