Бишкекте улгайган аял үчүнчү кабаттан дүкөндүн чатырына кулап кетти
Поделиться в:
Бишкекте 75 жаштагы аял үйдүн үчүнчү кабатынан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, инцидент Октябрь районундагы 8-микрорайондо болгон.Эртең менен 1946-жылы туулган Р.Г.атуу аял үйдүн үчүнчү кабатынан төмөн жакта жайгашкан дүкөндүн чатырчасына кулап түшкөн.
Кырсык болгон жерде 5 куткаруучу иштеди. Алар аялдын жансыз денесин алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ulgajgan-ayal-chnch-kabattan-dkndn-chatyryna-kulap-ketti
Добавить комментарий ×