Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болду

25 ноября 2022 10:22 660 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекете уй өрттөнүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, тилсиз жоонун кесепетинене каза болгон адам, үй ээси болгон.

“Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматын түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де  дагы бир Штаб тартылган. Тилсиз жоо  саат 05:45те чектөөгө алынып,  саат 07:07де толук өчүрүлдү.

Жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган  Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон. Учурда өрттүн  себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-turak-jdn-rt-chygyp-j-eesi-kaza-boldu



Добавить комментарий