Бишкекте Toyota Camry унаасын айдаган айдоочу кыз кары адамды өлтүрө сүздү
Поделиться в:
Бишкекте Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы өтүп калган жаранды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ кечки саат тогуздар чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен унаа айдап бара жаткан кыз жолдон өтүп бараткан кары кишини сүзүп алган.
Унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди, ал эми күнөөлүү аял кармалды. Каза болгон жарандын өздүгү аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-toyota-camry-unaasyn-ajdagan-ajdoochu-kyz-kary-adamdy-ltr-szd
Добавить комментарий ×