Бишкекте терроризмге каршы аракеттерди токтотуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

26 декабря 2018 21:07 1110 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Интернетте экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу үчүн интернет мейкиндигинде маниторинг жүргүзүлүп, экстремисттик багыттагы сайттар менен аккаунттар жабылып, уюштуруучулары аныкталууда. Мындай маалыматты бүгүн 26-декабрда “Зомбулукту экстремизмди алдын алууда Кыргызстандагы ЖМКнын ролу” аталышындагы тегерек стөлдөгү жолугушууда 

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери Эрлан Бакиев билдирди.

Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча калк арасында семинар, лекция, тренинг, форум жана конференция түрүндө алдын алуу иштерин жүргүзүлүү керектигин бүгүнкү иш-чарада белгилеп кетишти. 

Жолугушуунун башкы спикери Кеңешбек Сайназаров өзүнүн баяндамасында өздөрү иштеген уюмда 600 кызматкер Африканын жана Азиянын 30 өлкөсүндө иштеерин маалымдады. Алар өздөрүнүн ишинде жалпы кызыкчылыктарды издөөгө багыт алышып, экстремизм көйгөйлөрүн чечүүдөгү көп деңгээлдүү жана ар тармактуу ыкмаларды колдонушат-деди. 

Иш-чарага акыйкатчы Токон Мамытов дагы катышты. Ал өз сөзүндө экстремизм менен күрөшүү ишиндеги өзгөчөлүктү-аларга каршы туруу татаал экендигин айтты. 

"Бул экстремисттерде жалган болсо дагы өздөрүнүн идеялогиясы болуп, адамдарды азгырышат. Идеялогиянын таасири алдында адамдар террористтик актыларды жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого барышат. Ошондуктан аларга каршы туруу үчүн накта Ислам тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүп туруу керек"-деп белгиледи. 

Эске салсак, бүгүн 26-декабрь күнү Бишкек шаарында “Сити Бишкек” отелинде “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алууда Кыргызстандагы ЖМКнын ролу” аталышындагы жолугушуу өттү. Иш-чара  ИИМдин өнөктөштүгүнүн алдында Internews Европалык Союздун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырып жаткан “Борбор Азиядагы туруктуулукту жана тынчтыкты кубаттоо” долбоорунун алкагында уюштурулду. Жолугушууга ИИМдин, УКМКнын, Кыргыз республикасынын президентине караштуу диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын, бейөкмөт уюмдардын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-terrorizmge-karshy-araketterdi-toktotuu-boyuncha-ish-chara-tkrld



Добавить комментарий