Мурда бир нече жолу соттолгон жаран тапанча менен коркутуп тоноого шектелип кармалды

20 января 2023 11:08 1231 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган Д.М. 2023-жылдын 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда “Максат” аттуу чала тааныш адам жана белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча  жана  бычак менен коркутуп,  “Редми-9”  үлгүсүндөгү  уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып  алышканын билдирген арыз жазган.

“ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, бул кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М. кармашкан. Ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу ж. б. бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон. Ошондой эле, анын шериги Россия Федерациясынын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган  Т.М. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө”, деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tapancha-menen-korkutup-zharandy-tonoogo-shektlr-karmaldy



Добавить комментарий