Бишкекте тамактануучу жайлар текшерилет

12 ноября 2019 11:56 36548 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы тамактануучу жайлар, мектеп, бала бакчалар жана тез татым жайларынын өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу шаардык бийликтен маалымдады.

Жакында 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болгон.Анда  21 жаштагы жумушчу кыз мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жабыркаган.

 Буга чейин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөнүн, кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкектеги жарылуу болгон «Антошка» ашканасынын ээсине үстүбүздѳгү жылдын 27-февралында да айып салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tamaktanuuchu-zhajlar-teksherilet



Добавить комментарий