Бишкекте тамактануучу жай толугу менен өрттөнүп кетти

28 марта 2023 14:58 808 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте кароосуз калган кафе өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 28-мартта Байтик-Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Жерине өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 07:38де чектөөгө алынып, толук саат 08:27де өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен кароосуз калган 50 ч.м. кафе толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tamaktanuuchu-zhaj-tolugu-menen-rttnp-ketti



Добавить комментарий