Бишкекте таксист коронавирусту өзүнүн үй-бүлөсүнүн алты мүчөсүнө жуктурган
7-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул тууралуу калаа башчысы Азиз Суракматов билдирди.
Ал 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышканын кошумчалады.
Мэр коронавирусту жуктурган эки учурду мисал катары келтирди.
Биринчи учур – таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан.
Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.
Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 228 кишиге коронавирус жуккан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-taksist-koronavirustu-znn-j-blsn-zhukturgan
Добавить комментарий ×