Бишкекте өспүрүм кыз апасына бычак сайды
16 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну апасына бычак сайды. Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматынан кабарлагандай, окуя кечээ, 5-июнда катталган.
Билдирүүлөргө караганда, каргашалуу окуя эне менен кыздын үй-бүлөлүк урушунан улам келип чыгып, кыз өз апасын ашкана бычагы менен бир урган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага алып келинген.
Учурда бул окуя боюнча медициналык экспертиза дайындалып, териштүү иштери жүрүүдө. Эске салсак, акыркы кездерде ата-энеге карата уул-кыздар тарабынан зомбулук көрсөткөн жат көрүнүштөр көп кездеше баштады. Буга чейин, уулун орозодо ичимдик ичпөөгө чакырган атага да, уулу бычак сайган факт катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sprm-kyz-apasyna-bychak-sajdy
Добавить комментарий ×