Бишкекте Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Козак менен жолугушту
Бишкекте Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү.
Кыргызстан менен Россия — создаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат.
Россия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sooronbaj-zheenbekov-dmitrij-kozak-menen-zholugushtu
Добавить комментарий ×