Бишкекте 6 тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

11 апреля 2021 09:18 3437 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоо участкасынан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун соцтармактагы  баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Алты шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды", — деп жазды Маматов.

Эске салсак, кече, 10-апрель күнү Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү өткөрүлгөн.

Айрым саясий партиялар мыйзам бузуулар болгонун айтып, жыйынтыгын жоко чыгарууну талап кылышкан.

Ага ылайык, кече, 10-апрелде шайлоо тилкесинен тышкары добуш берилген алты участкадагы жыйынтыктар жокко чыгарылган.

- Ленин району: № 1028, 1029, 1026;

- Свердлов району: №1309, 1312, 1311 УШК.

Ал эми, бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүү жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум башталды. Учурда, 2 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси референдумга добуш берүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-shajloo-uchastkadan-tyshkarky-6-tilkede-dobush-bernn-zhyjyntygy-zhokko-chykty



Добавить комментарий