Бишкекте "Салымбеков университети" ачылды

26 ноября 2019 09:00 12532 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкекте «Салымбеков Университети» официалдуу ачылды. 

Быйыл медицина факультети ачылды, 2020 жылдан баштап IT, инженерия, программирование, логистика жана башка багытта факультеттер ачылат. Бул тууралуу "Дордой" Ассоциациясынын маалымат катчысы Нарынбек Султангазиев маалымдады.

Маалымат боюнча 2019-жылдын июнь айында «Салымбеков Университет» мекемеси негизделген. 2019-жылдын июль айында университет өзүнүн клиникасына ээ болгон. Ал эми 2019-жылдын 10-сентябрында медициналык багытта билим берүү боюнча лицензия алган. Учурда университетте 100 гө жакын чет элдик жарандар билим алышууда.

Жакынкы арада университеттин жаңы клиникасы ачылуу алдында турат. 2020-2021-жылдары Салымбеков Университети эл аралык инженерия жана инновациялык технологиялар факультетин Түштүк Кореянын алдынкы университеттеринин катарына кирген Инха университети менен биргеликте ишке ашыруу пландалууда. Бул багытта 2019-жылдын 12-ноябрында эки университет ортосунда атайын келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык билим берүү эл аралык стандарттарда жана англис, корей тилдеринде жүргүзүлѳт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-salymbekov-universiteti-achyldy



Добавить комментарий