Бишкекте өрттөнгөн кампада бир нече фирмага таандык техника болгон

22 августа 2019 13:23 4162 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан болжол менен 3200 чарчы метрди түзгөнүн кампа өрттөнгѳн. Бул маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кампа «Строй Снаб» ЖЧКга, «Ди Кей Эй Трейдинг» ЖЧКга жана «Беко» фирмасына таандык болгон. Өрттүн кесепетинен үй тиричилик буюмдары (муздаткыч, чаң соргуч, кир жуучу машина жана башкалар) күйүп, 2 адам – 1988-жылы туулган О.Н. жана 1987-жылы туулган И.У. түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы жакшы.

Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчү, суу ташуучу унаалар, куткаруучулар, тез жардам кызматы, ошондой эле 200 милиция кызматкери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн 2 экипаж, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 13 кызматкер, 1 өрт өчүрүүчү поезд тартылган.Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rttngn-kampada-bir-neche-firmaga-taandyk-tehnika-bolgon



Добавить комментарий