Бишкекте "РСК Банктын" сактык кассасы ачылды. Жаңылык – балдардын бөлмөсү бар
Бишкектин Токомбаев көчөсүнүн 21/1 г. дарегинде (Түштүк магистралда “Асанбай” паркына жакын жерде) "РСК Банктын" жаңы № 033-03-25 сактык кассасы ачылды.
Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.
Аталган бөлүмдө кардарларды сапаттуу тейлөө үчүн эң мыкты шарттар түзүлгөн. Анын негизгилеринин бири катары балдар бөлмөсүнүн ачылганын айтууга болот.
Кардар банктын бул бөлүмүнө кирген убакыт ичинде анын баласы атайын тандалган көңүл ачуучу жана таалим-тарбия берүүчү материалдар менен тааныштырылат.
Иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, 8:30-16:00. Түшкү тамактануу 12:00дөн 13:00гө чейин. Ишемби: 8:30-13:30.
Кошумча маалыматтарды түнү-күнү иштеген башланыш борбордон алууга болот: 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rsk-banktyn-saktyk-kassasy-achyldy-zhaylyk-baldardyn-blms-bar
Добавить комментарий ×