Бишкекте эмерек саткан "Овел" дүкөнү күйүп кетти
Поделиться в:
Бишкекте эмерек саткан "Овел" дүкөнү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу шаардык өрт өчүрүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 2-февралда саат 9:00да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шаардын Айтматов көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, 15 мүнөттүн ичинде өрттү толугу менен өчүрүшкөн.
Учурда канча аянт күйгөнү жана кырсыктын себептери такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ovel-emerek-satkan-dkn-tolugu-menen-kjp-ketti
Добавить комментарий ×