Бишкекте Ноорузга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, борбор калаада Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынан 18-мартына чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 2551ди түзгөн.
Чектөөлөргө дүйнө жүзүндөгү коронавирус инфексиясынын жаңы штаммынын бат таркашы жана кошуна өлкөлөрдө карантиндик чаралардын кайрадан киргизилиши себеп болгон. Жогорудагы баардык кырдаалдарды эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссия Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды аймакта өткөрүүдөн баш тартууну чечкен.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти борбордогу ооруканаларга суук тийүү жана сасык тумоого кабылып кайрылгандардын саны балдар арасында бир жарым эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
Ушуга байланыштуу, райондук акимчиликтин башчыларына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтому менен убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана стандарттардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-nooruz-majramyna-karata-majramdyk-ish-charalardy-tkrg-tyyuu-salynat
Добавить комментарий ×