Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилер түрттүрүлдү

10 октября 2018 16:00 1588 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкектеги  Медеров жана Токтоналиев кѳчѳлѳрүндѳгү капиталдык курулуш жана жолдун курулушуна тоскоол болгон Оренбург кѳчѳсү №57 дарегиндеги 25 х 3 метр чарба курулушу түрттүрүлдү. Түрттүрүү иштерин  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

Ошондой эле Тоголок Молдо кѳчѳсү №194 турак үйүнүн маңдайына ѳз билемдик менен, тиешелүү уруксат документтерисиз 7х3,50 метр ѳлчѳмүндѳгү бышкан кирпичтен дүкѳн курулган. Аталган бузууга башкармалык тарабынан эскертүү берилди. Ал эми курулуштун ээси тарабынан тиешелүү уруксат документтери кѳрсѳтүлбѳгѳндүктѳн «Тазалык» МИнин кызматкерлери менен түрттүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-myjzamsyz-kurulgan-obektiler-trttrld



Добавить комментарий