Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттардын саны 6 миңден ашты

19 ноября 2018 17:00 1048 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкекте 6 миңден ашык мыйзамсыз курулуш жайлары катталды. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган органдын өкүлдөрү борбордогу мыйзамсыз курулуштарды текшерип чыгышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк имараттар  жолдордун ордун, электр зымдарынын алдында жайгашкандыктан аларды курууга таптакыр уруксат  берилбеши керек.  3500ден ашыгын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экени аныкталган. 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. 

Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутат Чыныбай Турсунбеков иштеп чыккан. Мыйзам долбоору жаңы конуштарда айрым курулуштарды мыйзамдаштыруу максатын көздөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-myjzamsyz-kurulgan-imarattardyn-sany-6-miden-ashty



Добавить комментарий