Бишкекте Москва күндѳрүндѳ илимий техникалык кызматташуулар талкууланат
Поделиться в:
Москва шаарынын жетекчилиги Бишкекте Москва шаарынын күндөрүн уюштурат. 12-14-сентябрга пландалган иш-чара Москва жана Бишкек шаарларынын ортосундагы достук байланыштарды, кызматташууну жакшыртуу максатын көздөйт. Программага кызматташтык деңгээлдеги, маданий жана спорттук иш-чаралар да камтылган, деп билдирди Бишкектин мэриясы.
Москва күндөрүнүн алкагында эки шаардын тиешелүү мекеме жетекчилери соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий байланыштар, ошондой эле кызматташуунун жолдорун талкуулашат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-moskva-kndrnd-ilimij-tehnikalyk-kyzmattashuular-talkuulanat
Добавить комментарий ×