Бишкекте "Мистер Кыргызстан - 2018" сынагы болуп өттү. Жеңүүчү жигит таажы кийди

22 декабря 2018 16:43 4296 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда акыркы учурларда кыздар арасында сулуулар сынактары байма-бай өткөрүлүп келет. Кыздардан кем калышпай кечээ, 21-декабрда Бишкекте жигиттер арасында "Мистер Кыргызстан - 2018" сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына сынактын жеңүүчүсү Димаш Турсунбаев маалымат берди.

Конкурста талапкер жигиттер 4 шарттын негизинде "Мистер Кыргызстан - 2018" наамына ат салышты.

Алар:

1. Саламдашуу, өзүн тааныштыруу.

2. Улуттук бий жана улуттук кийим.

3. Эркин кийим. (Брэнд)

4. Кечеге кийип баруучу кийим.

"Мен Турсунбаев Димаш, 19 жаштамын. Ош шаарынында жашайм. Азыркы учурда ОшМУнун 2-курсунун студентимин. Мен бул сынака чейин "Вице Мистер Ош 2018" наамынын ээси болуп "Мистер Кыргызстан - 2018" сынагына жолдомо алгам. Сынак абдан мыкты деңгээлде өттү. Конкурс R style beauty company Kyrgyzstan тарабынан өткөрүлдү. Сынакта жалпысынан 7 жигит ат салышты. Мен жеңүүчү болуп тандалганыма абдан толкундап турам. Анткени мен эми Кыргызстандын атынан "Mister Tourism World" сынагы катышууга жолдомо алдым. Буюрса багындыра турган бийиктиктер алдыда" -деп кубанычы менен бөлүштү Димаш Турсунбаев.

Белгилей кетсек, "Мистер Кыргызстан - 2018" наамынын ээсине таажы кийгизилип диплом ыйгарылган.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mister-kyrgyzstan-2018-synagy-bolup-tt-zhechg-taazhy-kijgizildi



Добавить комментарий