Бишкекте милициянын кайгуул кызматы телефон уурдаганга шектүү жаранды кармады

8 сентября 2020 13:12 691 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы  телефон уурдаганга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 7-сентябрда болжол менен саат  06:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Ибраимов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянынын кайгуул кызматы келип маалыматты тактаганда 1995-жылы туулган А.Б аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен саат 06:25 чамасында  белгисиз жаран ачык түрдө баасы 9600 сомдук “Редми-9” үлгүсүндөгү  чөнтөк телефонун алып койгон. Көрүлгөн ыкчам издөө иш аракеттердин натыйжасында кылмыш изи сууй электе 1996-жылы туулган К.Б аттуу жаран кармалып, 6-шаардык милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндурушкө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciyanyn-kajguul-kyzmaty-telefon-uurdaganga-shekt-zharandy-karmady



Добавить комментарий