Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен окуучуну таап беришти

3 сентября 2020 09:40 1162 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери  жоголуп  кеткен окуучуну таап беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматыеа таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 2- сентябрда болжол менен саат 14:50  чамасында  Бишкек ШИИББинин  "102" кызматына Ош базардан баламды жоготуп алдым деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда  1991- жылы туулган А.А аттуу жаран 2012 - жылы туулган баласы Ош базарда жоголуп кеткендигин кабарлаган. Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Ленин районуна бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Жаш Гвардия менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен жаш бала табылып, Ленин райондук ИИБине өткөрүлүп берилген. Ал жерден ата - энеси чыкыртылып, өткөрүлүп берилген. Өз кезегинде жаш баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciyanyn-kajguul-kyzmatkerleri-zhogolup-ketken-okuuchunu-taap-berishti



Добавить комментарий