Бишкекте милиция кызматкерлери авто унааны айдап качкан шектүү жаранды кармады

3 сентября 2020 12:55 680 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери авто унааны айдап качкан шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ,  2- сентябрда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына  белгисиз жаран  унаамды айдап  кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, 1997-жылы туулган С.Д. атуу жаран ушул эле күнү саат болжол менен 19: 00 чамасында Т.Молдо жана Осипенко көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайдан Део Ланос үлгүсүндөгү арыз ээсинин авто унаасын белгисиз жаран мыйзамсыз түрдө айдап качып кеткендигин кабарлаган.

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмыш иизи сууй электе  милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган А. А аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факт Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206- беренесинин ( Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciyanyn-kajguul-kyzmatkerleri-avto-unaany-ajdap-kachkan-shekt-zharandy-karmady



Добавить комментарий