Бишкекте мэрия тарабынан күндүзгү стационарлар даярдалды

19 октября 2020 10:16 515 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ленин району:

№96 мектеп  (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;

№95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук.

Биринчи май  району:

№81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к,  Профессор Зима көч, 262) 40 койко-орундук;

№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.

Октябрь району:

№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун;  

№63 (кичи район №11-9/1)  40 койко-орун.

Свердлов району:

№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) - 50 койко-орундук;

№ 65 лицей - 60 койко-орундук.

Борбордун мэриясынын билдирүүсүнө караганда кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.  


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-meriya-tarabynan-kndzg-stacionarlar-dayardaldy



Добавить комментарий