“Кыргызстан улуттук электр тармагы” филиалдардын кышка даярдыгын текшерип баштады

24 сентября 2020 11:28 668 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” энергетикалык объекттердин кышка даярдыгын жеринен текшеришет. Бул тууралуу кыргызстан улуттук электр тармагынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Компаниянын филиалдарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыгын баалоо боюнча комиссиялардын курамына “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирди.

Аталган комиссиялар энергетикалык объекттердин, имараттардын, курулмалардын, автоунаалардын капиталдык жана учурдук оңдоо иштерин камтыган күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча пландаштырылган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын жерине барып текшеришет.

«Бүгүнкү күндө оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү актылар түзүлүп, күз-кыш мезгилинен өтүүгө даяр болгондугу жөнүндө паспорттор берилет”, - деп билдирди аталган ишкананын пайдалануу жана оңдоо департаментинин директору Мурат Дурусалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-lenin-rajonunda-j-bllk-darygerler-tobunun-bazasynda-7-orunduu-kichi-stacionarlar-achyldy



Добавить комментарий