Кызыл-Аскердеги күндүзгү стационарга 493 жаран кайрылды (Сүрөт)

14 июля 2020 14:47 706 Barometr
Поделиться в:
ok

Кызыл-Аскерде күндүзгү стационарга 493 жаран кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бүгүнкү күнгө карата борбор калаадагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан "Арал" кафесинде ачылган күндүзгү стационардан 493 адам дарыланды.  

Белгилей кетсек, аталган күндүзгү дарылоо борбору шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылган.

"Анда курч мүнөздөгү вирустук инфекцияга жана жеңил формадагы өпкөнүн сезгенүүсүнө кабылган жарандар үчүн 50 орундуу дарылоо шарттары түзүлгөн. Стационарда 3 дарыгер, 5 медайым, 2 санитардык кызматкер иш алып барууда. Андан тышкары, ичинде дарыкана ачылган. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттары, тамак аш жана жашаган жай менен камсыздалган, дарылоо жайында кычкылтек концентраторлору да бар", - деп айтылат маалыматта.

Күндүзгү стационар Дэн Сяопин көчөсүндө (№199) жайгашкан. Иштөө тартиби саат 08:00-19:00 (тамчылатма дары куюу 17:00гө) чейин.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kyzyl-askerde-kndzg-stacionarda-493-zharan-darylandy-srt



Добавить комментарий