Кашкар Жунушалиев: Милиция - бийликти, мыйзамды, адилетүүлүктү чагылдырат

26 октября 2019 12:39 1118 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө  2019-жылдын 1-ноябрь күнү  95 жыл  толот. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бул маанилүү күнгө утурлай, коомдук коопсуздукту сактоо менен жүрүшкөн ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кезметтери гарнизондук саптык кароодон өтүштү. 

Гарнизондук саптык кароого ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн жетекчилери, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун жоокерлери, Ички Аскерлердин аскер кызматкерлери,  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери, андан сырткары ички иштер органдарынын аял кызматкерлери катышты.

Өздүк курам алдында ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев сөз сүйлөп, был жылы Кыргыз милициясы 95 жылдык маарекесин белгилей тургандыгын билдирди.  Бул күнү Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн жана өтөп жаткандар жакындарынан, туугандарынан куттуктоолорду кабыл алышат. 

“Бүгүнкү күнү коом  биздин алдыбызга жогорку талапты коюшууда. Жарандар үчүн милиция формасындагы адам бийликти, мыйзамды, адилетүүлүктү чагылдырат. Сиздерден гана шаардын көчөлөрүндөгү тартип, жарандардын тынчтыгы,  алардын өздөрүнүн коопсуз экендигине ынангандары көз каранды.  Ишке болгон жоопкерчиликтүү мамиле кылганда, ар бирөөнүн көйгөйүнө көңүл буруу менен чече билүүдө, эң башкысы сабаттуу жана профессионалдуу иш менен ишенимге ээ болуп, аны жогорку деңгээлде кармап кала алабыз”, - деп  Кашкар Джунушалиев билдирди.

Салттуу тескемеден кийин, ички иштер органдарынын кызматкерлери Эски аянтта салтанаттуу марш менен өтүштү. Гарнизондук саптык кароодо өзгөчө аялзатынан түзүлгөн түзүмдү белгилеп кетүү керек. Аял кызматкерлердин түзүмү саптык марш менен өтүшү майрамдык парадда эсте калаарлык окуя  болуп калды.

Маалымдама

1924-жылы 21-октябрда аймакта Революциялык комитет-Иманалы Айдарбеков башында турган мамлекеттик бийликтин убактылуу органы түзүлгөн. Революциялык комитетте 2 бөлүм-аткаруучу бийлик жана административдик болуп түзүлөт.  

Ошол жылдын  1-ноябрында областтын административдик бөлүмүнүн  жетекчиси Ыбрай Тойчиновдун отчеттук докладында облмилициянын башкармалыгы уюшулгандыгы жана анын башчысы катары А.П. Арумов дайындалгандыгын кабарланган. 

Бул күн Кыргыз Республикасынын милициясынын туулган күнү болуп эсептелинет. 

Анын тарыхы мамлекеттин өнүгүшүнүн тарыхы, жарандык согуштан азыркы учурга чейинки бардык этаптар менен байланышып, бул эрктүүлүктүн, патриоттуулуктун, эр жүрөктүүлүктүн  жана бекемдиктин үлгүсү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kyrgyz-miliciyasynyn-tzlgndgn-95-zhyldygyna-karata-garnizonduk-saptyk-karoo-tt



Добавить комментарий