Бишкекте коронавирустан 8-киши каза болду
Поделиться в:
Бүгүн COVID-19 вирусу бар аял каза тапты, ал 53 жашта болчу. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Б
“Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу”, — деп айтылат маалыматта.
Ошентип Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 8 кишиге жетти. Ал эми оору 612 кишиге жукканы расмий тастыкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koronavirustan-8-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×