Бишкекте коомдук унаалардын иш убактысы узартылды
3-августтан тарта Бишкектеги айрым чарбалык субъекттердин иши, ошондой эле коомдук унаанын иштөө тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Эми автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 7ден 11ге чейин жана саат 14төн 23кө чейин иштейт. Мында коомдук транспорт дем алыш күндөрү иштебейт.
Соода борборлору, супермаркеттер, соода үйлөрү, комплекстер, дүкөн түйүндөрү күн сайын эрте менен 7ден түнкү саат 00гө чейин иштейт.
Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары 7ден 22ге чейин иштейт, санитардык талаптарды так сактоо менен тамак-аш жеткирүү кызматтарына жана тамакты алып кетүүгө убакытта чектөөсүз иштөөгө уруксат берилет.
Борбор калаанын базарлары мурдагыдай күн сайын саат 9дан 17ге чейин иштейт.
Муну ырастаган токтомго Бишкектин мэри Азиз Суракматов кол койду.
Эске салсак, көчөдө сатуу жана кызмат көрсөтүү объекттеринин (батуттар, велосипед ижарага берүү түйүндөрү ж.б.), тойкана жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгүнө (түнкү клубдар, барлар ж.б.), балдардын оюн-зоок аянтчалары жана көңүл ачуу жайларынын ишине дагы эле тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koomduk-unaalardyn-ish-ubaktysy-uzartyldy
Добавить комментарий ×