Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын биринин жактоочусунун өтүнүчү менен сот отуруму 7-октябрга саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
Айыпталуучулардын биринин жактоочусунан соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келип түшкөндүгүнө байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 7-октябрга саат 10:00гө жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koj-tash-okuyasy-boyuncha-sot-oturumu-7-oktyabrga-1000g-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×