Бишкекте көлмөлөрдүн расмий ачылышы 15-20 июндарга белгиленди
Бишкекте жакында сууга сүзүү сезону башталат.Тийиштүү кызматтар ага карата даярдык иштерди жүргүзө баштады. Бишкек шаарынын жашылдандыруу мекемесинин адистеринин билдирүүсүнө караганда, Комсомол жана Пионер көлдөрү азыр толугу менен ишке берилүүгө даярдалып жатат. Ага ылайык, 1,5 миң тоона кум, 10 миң тонна техникалык туз жана 10 миң тонна хлор кошулмасы сатылып алынды. Ошондой эле Чүй суу чарбасы менен келишим кабыл алынып, суу берүү иши макулдашылган. Жашылдандыруу ишканасынан сырткары, шаардык милиция менен ӨКМдин куткаруучулары да тартылып, атайын даярдыктан өтүп жатышат. Ал эми көлмөлөрдүн расмий ачылышы 15-20 июндарга барат деп билдирет Бишкек шаардык жашылдандлыруу кызматынан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-klmlrdn-rasmij-achylyshy-15-20-iyundarga-belgilendi
Добавить комментарий ×