Бишкекте кинофестиваль өтөт

10 декабря 2019 13:48 1655 Barometr
Поделиться в:
ok

Кино көрүү КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Айтыш” коомдук фондусунун колдоосу менен 2019-жылдын 12-15-декабрына чейин жүргүзүлөт. 

Фестиваль эки  сынактык программаны камтыйт. 

Алар: даректүү, анимациялык жана эксперементалдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет. Эл аралык программада бул жылы 14 кино, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 кино. Кинолорду КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн  белгилүү кинематографистеринин курамынан турган калыстар тобу баалайт. 15-декабрь күнү Манас кино театрында “Мыкты тасма”, “Мыкты режиссура”, Калыстар тобунун атайын сыйлыгы  жана “Көрүүчүлөрдүн арзуусу сыйлыктары” номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрдүн ысымдары жарыяланат. Ошондой эле, кинофестивалдын алкагында мастер- класстар, чыгармачылык жолугушуулар жана атайын көргөзүүлөр уюштурулат. Эске салсак, кинофестиваль 2010 –жылы негизделип, КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүнү көздөп, дүйнө ааламдашып жаткан учурда  салттуу маданий баалуулуктардын түпкүлүгүн сактап калуу максатында уюштурулган.   Маалымат катары билдирсек, быйыл кинофестивалга чет элден жана атамекендик кинематографисттрден миңден ашуун билдирме келип түшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kinofestival-td



Добавить комментарий