Бишкекте кино фестивалда Балтика жана Грузиянын тасмалары элдин сынына коюлат

3 декабря 2018 09:00 1216 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын 8-эл аралык «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 12-декабрда, саат 12:00дө башталат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат.

Бул жылы аталган кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун чыгармасынын негизинде коюлган атайын көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган чыгармалар орун алат. Аны менен бирге тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашаары күтүлүүдө.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын мамлекеттер аралык гуманитардык байланыш фондунун, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин , «Айтыш» коомдук фондунун жана Кыргызстандын кинематографисттер Бирикмесинин колдоосу менен ишке ашууда.

Эске салсак, кинофестиваль 2010-жылы коомдук ишмер, режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kino-festivalda-baltika-zhana-gruziyanyn-tasmalary-eldin-synyna-koyulat



Добавить комментарий