Бишкекте кээ бир райондордо газ ѳчүрүлѳт
Поделиться в:
Бишкекте "Газпром Кыргызстан" ишканасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым жерлеринде көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден маалымат кызматы билдирди.
Маалымат боюнча 18-22-ноябрь күндөрү Тоголок Молдо, М. Ганди, Саадаев, Щербаков көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналы менен кесилишкен аймактарда жаратылыш газы болбойт. "Көлмө" жана "Салам-Алик" кичи районунда да көгүлтүр от ѳчкѳн.
"Андан тышкары, Васильева 248 көчөсүндө ысык суу жана жылытуу системасы убактылуу өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kgltr-kee-bir-rajondordo-chrllt
Добавить комментарий ×