Видео. Бишкекте "Керемет Банк" беткап кийген белгисиздер тарабынан тонолду
Поделиться в:
Кечээ, Бишкек шаарындагы "Керемет Банкын" тоноп кетишти. Бул тууралуу "Барометрге" Күч органдарынын өздүк булагы кабарлады.
Маалыматка ылайык, медициналык беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип банктын кызматкерлерин, күзөтчүсүн коркутуп кассадагы акчаны алып кетишкен.
Бул факт Бишкек шаардык милициясына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Уурдалган акча эсептелүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-keremet-bank-betkap-kijgen-belgisizder-taiabynan-tonoldu
Добавить комментарий ×