Бишкекте кан тамырлар ооруларын диагностикалоо үчүн заманбап аппарат сатып алынды

31 марта 2023 14:44 765 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте кан тамырлар ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплексти сатып алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплексти сатып алды.

“Медициналык жабдуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Улуттук госпиталда ангиографиялык жабдууну орнотууга керектүү жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө орнотуу иштери аяктады.

Жогорку технологиялуу ангиографиялык комплекс абалды тез алмаштыруу жана бейтапка оперативдүү жетүүнү камсыз кылган кыймылдуу С формасындагы жаа өткөл, ангиографиялык стол, генератор жана энергия (жарык, жылуулук же үн) берүүчү датчик, детектор, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана сактоо үчүн санариптик көп милдеттүү система, мониторлор жана рентген-операциялык жана аралыктан башкаруу модулдары жана башка кошумча жабдуулардан турат.

Сатып алынган жабдуулар дарыгерлерге кан тамырларды тез жана так изилдөөгө/диагностикалоого, алардын толук сүрөтүн алууга жана ар кандай оорулардын жана кан айлануунун бузулушунун бар экендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Ангиографиялык аппаратты хирургиялык операциялар үчүн бейтаптын денесинин ичин визуализациялоо жана навигациялоо куралы катары да колдонсо болот.

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Талайбек Байсекеев белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин кан тамыр ооруларын аныктоо үчүн бейтаптарды жеке клиникаларга алып барууга туура келген. Эми алынган ангиографтын аркасында диагноз коюу үчүн башка клиникаларга кайрылбай, түздөн-түз Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө диагностика жана дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, -деп айтылат маалыматта. 

«Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорунун колдоосу менен биздин бөлүмдүн өздүк ангиографы болгонуна кубанычтамын. Ал бизге, дарыгерлерге, жүрөк жана кан тамыр ооруларын так жана тез аныктоого жардам берет. Так диагностиканын аркасында дарыгерлер ар бир бейтапка натыйжалуураак жана жекече дарылоону дайындай алышат жана бул өз кезегинде дарылоонун жакшы натыйжаларына жана бейтаптардын жашоо сапатынын жакшырышына алып келет”, - дейт Таалайбек Байсекеев.

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери окутуудан өткөрүлүп, аппарат орнотулду, бирок аны тестирлөө жана акыркы комплекттөө, Монополияга каршы комитет менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын макулдашуу процесси жүрүп жатат. Алдыдагы бир ай ичинде бул аппарат бейтаптарды кабыл алуу үчүн толук пайдаланууга берилет.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kan-tamyrlar-oorularyn-diagnostikaloo-zhana-daryloo-chn-zamanbap-angiografiyalyk-apparat-satyp-alyndy



Добавить комментарий