Бишкекте кайгуул кызматы адашып жүргөн кичинекей кызды таап, үйүнө жеткирди

9 апреля 2021 11:26 2132 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Ак-Босого конушунан, милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш кызды таап, үйүнө  жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 8-апрелде болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИББнын  “102” кызматына  Ак-Босого жаңы конушунан  кичинекей кыз адашып ыйлап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1966-жылы туулган К.Г.аттуу айым кичинекей кыз адашып ыйлап жүргөндүгүн көрүп, “102” кызматына кабарлаганын билдирген. Кичинекей кыз 2011-жылы туулгандыгы жана аты жөнү М.Н. экендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери  ошол замат чечим кабыл алып,  кичинекей кыздын туугандарын Свердлов райондук  ИИБнө чыкырып, ошол жерден туугандарына сак-салам өткөрүшүп беришкен.

Кичинекей кыздын табылганына сүйүнгөн жакын туугандары милициянын кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajguul-kyzmatkerleri-adashyp-zhrgn-kichinekej-kyzdy-taap-jn-zhetkirishti



Добавить комментарий