Бишкекте кафелердин биринде официант менен кароолчуну сабагандар кармалды
Поделиться в:
Бишкектеги кафелердин биринде официантты жана кароолчуну сабаган шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, алар Ош жана Чүй облустарынан кармалышты. Кармалгандардын бири буга чейин соттолуп чыккандыгы аныкталды.
Ош облусунда шектүүлөрдүн бири кармалса, ал эми Чүйдөн анын атасы колго түштү.
Учурда «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, буга чейин «Арген» кафесинин официантын жана кароолчусун белгисиз 3 киши сабап кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kafelerdin-birinde-oficiant-menen-karoolchunu-sabagandar-karmaldy
Добавить комментарий ×