Бишкекте ири өрт чыгып, жалпы 10 үй күйүп кетти

25 августа 2022 10:06 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 8 батир өрттөнүп, тилсиз жоо эки кошунанын үйлөрүнө өтүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, ири өрттөн бактыга жараша жабыркагандар жок.

"25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында ордо калаанын Ленин районунун Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген  8 бөлмөлү батирден чыккан өрт ага жанаша турган Мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын 3 бөлмөсү чатыры менен толук, биринчи кабатынын 2 бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.

Өрттүн жалыны ошол эле учурда жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:36дан тарта КР ӨКМнин жалпы 4 бөлүм, Штаб,  ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын унаа менен тартылып, өрт саат 05:06да чектөөгө алынып, толук түрдө саат 08:26да өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300чарчы метрди түзөт. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Ошондой эле өрттү өчүрүүдө  РЭТтен 1, Газ кызматынан 1, Тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМден 2 экипаж иш алып барды", -деп айтылат мааоыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-iri-rt-chygyp-zhalpy-10-j-kjp-ketti



Добавить комментарий