Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата "ок атуу" боюнча мелдеш өткөрүлдү

25 октября 2019 12:40 926 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББ тарабынан спорттук мелдеш өткөрүлдү. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын начальниги,  милициянын генерал-майору Талант Исаевдин жана Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелеринин бирикмесинин төрагасы Капар Батыркановдун демилгелери менен, 2019-жылдын 24-25-октябрь күндөрү Күзөт кызматынын окуу-машыктыруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын жана Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелеринин бирикмесинин (КДМБ) командаларынын арасында биринчи ирет спорттук мелдеш уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган мелдеште, “Армата”, “Вымпел щит”, “Орион”, “Гладиатор”, “Нур-Чоро”, “Легионер” жеке күзөт мекемелеринин жана МАККББнын 7 командасы катышты. Кызматкерлеринин арасында “кичи футбол” “волейбол” жана “ок-атуу” спорттук түрлөрүнөн мелдешишип, анын жыйынтыгында: “кичи футбол” боюнча жалпы командалык эсеп менен, III орун алгандыгы үчүн “ВЫМПЕЛ ЩИТ” командасы III даражадагы диплом жана 1000 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды, II-орун алгандыгы үчүн “ГЛАДИАТОР” командасы II даражадагы диплом, 1500 миң сом менен сыйланса, I орун алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын командасы, I даражадагы диплом, кубок жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.Ал эми, “ок атуу” боюнча жалпы командалык эсеп менен, III орун алгандыгы үчүн “АРМАТО СЕКЮРИТИ” командасы III даражадагы диплом, 1000 миң сом, II орун алгандыгы үчүн “НУР-ЧОРО” командасы II даражадагы диплом, 1500 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланса, I орун алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын командасы I даражадагы диплом, кубок жана 2000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланды.Ошондой эле, “волейбол” боюнча жалпы командалык эсеп менен, III орун алгандыгы үчүн “НУР-ЧОРО” командасы III даражадагы диплом, 1000 миң сом, II орун алгандыгы үчүн “Орион” командасы II даражадагы диплом, 1500 миң сом, I орун алгандыгы үчүн “Барчын” командасы I-даражадагы диплом, кубок жана 2000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланды.Спорттук мелдештин жабуу аземинде, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын начальниги, милициянын генерал-майору Талант Исаев “ Күзөт кызматкерлеринин арасында өткөн бул спорттук мелдеш, биздин демилгебиз менен алгачкы жолу өткөрүлдү.

Бул спорттук иш-чара ИИМдин Күзөт кызматынын жана жеке күзөт мекемелери менен кызматташтыкты бекемдөө, өз ара мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Мындан ары жыл сайын ушундай спорттук мелдештерди өткөрүүгө аракет кылабыз”, - деп өз сөзүндө билдирди

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-iimdin-makkbb-tarabynan-sporttuk-meldesh-tkrld



Добавить комментарий