Милиция интернет клубда жүргөн окуучуларды аныктады
17-март күнү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери “Камкордук” рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кызматкерлер рейд учурунда өкмөттүн эскертүүсүнө карабастан өз ишмердүүлүктөрүн улантышкан интернет клубдарды аныкташты.
Текшерилген 12 интернет клубдун ичинен өз ишмердүүлүгүн уланткан 3 клуб аныкталып, аларга эскертүү берилди.
Ошондой эле кызматкерлер аталган борборго алып келишкен балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, үйлөрүнө жиберилди.
Андан сырткары, саат 22:00дөн кийин ата-энесинин кароосу жок коомдук жайларда жүрүүгө болбоору эскертилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-iimdin-kyzmatkerleri-kamkorduk-rejdin-tkrsht
Добавить комментарий ×