Бишкекте «Хизбут-Тахрир» экстремисттик тобунун мүчөсү кармалды (Сүрөт)

17 июля 2020 12:16 1078 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

13-июлда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары шектелип жаткан 35 жаштагы жаран кармалды.

“Бишкек шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, уюмдун катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу иш-аракеттерин кылган. КМШ мамлекеттердин биринде оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда ал УКМКнын тергөө абагына ка, иликмалып, иликтөө иштери журүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жыйырмага жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салган. «Хизбут-Тахрир» уюму соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм деп 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-hizbut-tahrir-ekstremisttik-tobunun-mchs-karmaldy-srt



Добавить комментарий