Бишкекте эртең уранды иштетүүгө каршы дагы бир митинг өткөрүлөт

29 апреля 2019 17:49 1725 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 30-апрелде Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда уранды иштетүүгө каршы митинг болот. Бул тууралуу социалдык баракчага уюштуруучулардын бири Элери Битекчи катталды.

“Биринчи кезекте Ысык-Көлдөн келе турган активисттерди колдоо керек, алардан улам биз ушундай кылмышты билдик.Сиздер аларды көрүп, жолугушсаңыздар болот, айрыкча бул окуянын чыныгы башкы каарманы-Марат Акатов менен жолугушасыздар.

Анткени бийликтин баардык аракеттери уран маселеси дагы деле болсо күн тартибинен алына электин көрсөтүп жатат жана бийлик баарын өз ордунда калтырып жарандык активдүүлүктү басууга колдон келген аракетин жасайт.

Бийлик биз аларды төмөндөн болбогон нерсе үчүн тынчын кетиргенибизди эч качан кечирбейт. Бул уранга каршы гана митинг эмес, бул биздин жарандык укуктарыбызды коргой турган митинг”,-деп жазды Битекчи.

Бүгүн  уранды казып алууга каршы Балыкчы өткөн митингдин катышуучуларынын колоннасы Бишкекке бет алды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erte-urandy-ishtetg-karshy-dagy-bir-miting-tkrlt



Добавить комментарий