Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн мончолорду текшеришти
Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Кубатбек Боронов тарабынан 2018- жылдын 18-июнунда №19-2473 бекитилген Бишкек шаарынын экологиялык абалды жакшыртуу үчүн комплекстүү иш-чаралар планын аткаруу боюнча Мамэкотехинспекция төмөнкүлөрдү билдирет:
Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жайгашкан кичи жана чакан бир нече мончо иштеткен аймактарды текшерип абага булгоочу заттарды чыгаруучу жабдуунун түтүкчөсү атайын курулмалар, жабдуулар жана аппаратуралар менен жабдылышы тийиш экендиги, ошондой эле үй тиричилик жана өндүрүштүк калдыктарын мончого жагуу жана өрттөөдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерине жана талаптарына жооп бербестиги тууралуу жазма түрүндө эскертүүлөр берилүүдө.
Жогоруда көрсөтүлгөн айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерине жана талаптары аткарылбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик чара көрүлөрү эскертилди.
Бул иштерди аткаруу жана күчөтүлгөн тартип менен көзөмөлгө алуу экологиялык коопсуздукту көмөлдөө инспекторлору тарабынан ишке ашырылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ekologiyalyk-abal-boyuncha-ish-charalar-tkrlt
Добавить комментарий ×