Бишкекте Дүйнөлүк туризм күнүндө "Kyrgyz Tourism Awards" сыйлыгы тапшырылат

25 сентября 2019 12:51 1332 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

27 –сентябрь күнү саат 15:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында “Дүйнөлүк туризм күнүн” утурлай, "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгы тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу тишелү мекемеден билдирди.

Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан жарыяланып, туризм тармагынын мыктыларды аныктайт.

Номинациялар:

Кыргыз өлкөсүндөгү туризмдин түрлөрү боюнча мыкты инновациялык долбоор;
Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;
Кыргыз Республикасындагы мыкты туристтик компания;
Мыкты конок үйү;
Кыргыз Республикасындагы мыкты мейманкана;
Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы мыкты туристтик комплекс;
Туризм тармагындагы мыкты интернет долбоор;
Кыргыз мамлекетиндеги туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор;
Туризмди өнүктүрүү боюнча Кыргыздагы мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;
Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай;
Кыргыз өлкөсүндөгү туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты аймак;
Туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон мыкты массалык маалымат каражаты;
Өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө салымын кошкон туризм тармагындагы мыкты серепчи;
Мыкты гид;
Мыкты фотограф жана видеограф;
Мыкты курорттук мекеме;
Мыкты боз үй шаарчасы.

"Kyrgyz Tourism Awards" өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу жана туризм тармагында эмгектенгендерге стимул берүүнү көздөп келет.

 
 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-djnlk-turizm-knnd-kyrgyz-tourism-awards-syjlygy-tapshyrylat



Добавить комментарий